БИТ I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Адамдын жана айбандын канын соруп жашоочу мите. Асырап, багып жүрбөсө, Атасы сирке, бит болот (Токтогул). Битке өчөшүп, көйнөгүңдү отко салба (макал).
БИТ II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Тамеки сабагынын уч жагындагы урук түйүлдүгүн пайда кылуучу майда бутактар. Тамекинин бити.
БИТ III Толковый словарь кыргызского языка. 2015 комп. Ар бир off же on абалдарынын сандык маанилери 0 же 1 экилик разряддын бири аталат жана компьютерде иштетилүүчү берилиштерди өлчөөнүн эң кичине бирдиги болуп эсептелет.
БИТ IV Толковый словарь кыргызского языка. 2015 зат. Информатикада маалыматтын (информациянын) санын өлчөөчү бирдик.